Астанада Сирия боюнча сүйлөшүүлөр уланат
14-майда башталган сүйлөшүүлөрдү алкагында эки жана үч тараптуу жолугушуулар болгонун Казакстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Жолугушуулар жабык өттү.
Бүгүн маселе жалпы жыйында талкууланат. Ага катышуу үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун жана расмий Дамасктын делегациялары, Сириядагы куралдуу оппозициянын өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысынын Сирия боюнча атайын чабарманы Стеффан де Мистура Астанага келери айтылган.
Казак Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ануар Жайнаковдун айтымында, АКШнын делегациясы бул жолку сүйлөшүүгө катышуудан баш тарткан.
Сүйлөшүүлөрдө Сириядагы азыркы жагдай, анын ичинде деэскалация аймактарындагы абал, гуманитардык маселелер, өз ара ишенимди күчөтүү чаралары ортого салынып жатат.
Орусия менен Иран Сириядагы жети жылдык жарандык согушта Сирия президенти Башар Асадды, ал эми Америка Кошмо Штаттары менен Түркия өкмөткө каршы чыккан ар кыл күчтөрдү колдоп келет.
