Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Газа тилкесиндеги кагылыштын курмандыктары 50дөн ашты

0
Газа тилкесиндеги чек арада Израил армиясы менен кагылыштан кеминде 52 палестиндик мерт болгону кабарланууда. Дагы эки миңдей киши дарыгерлерге кайрылган.


Палестиндердин нааразылыгына 14-майда президент Дональд Траптын чечимине ылайык, АКШнын элчилиги Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүлгөнү себеп болгон. 14-майда эртең менен Газада он миңдеген киши чогулуп, чек араны көздөй жүргөн, ал жерде Израил күчтөрү акциянын катышуучуларына "ок аткан" деп кабарлады Би-Би-Си.


Маалыматка караганда, демонстранттар дөңгөлөктөрдү өрттөп, чек ара тарапка таш жана жардыруучу заттарды ыргытышкан. Израиль тарап снайперлерди колдонгон.


Былтыр декабрда АКШнын президенти Дональд Трамп Америка элчилигин Тел-Авивден Иерусалимге көчүрүү тууралуу чечим кабыл алган. Анын чечимин араб өлкөлөрүнүн лидерлери, Европа Биримдиги катуу сынга алып, мусулман дүйнөсүндө нааразылык жаралган жана Израил-Палестин аймагында кагылышууларга түрткү болгон. Палестиндер Чыгыш Иерусалимди өздөрүнүн болочок мамлекетинин борбору деп эсептейт. Шаарды азыр толугу менен Израил көзөмөлдөгөнү менен эл аралык коомчулук Иерусалимдин бүткүл аймагына анын ээлигин тааныган эмес.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса