Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Педагог-илимпоздун 80 жылдыгына арналган кереге кеңеш

0
Бүгүн (б.а. бугу (май) айынын 15инде) Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (КУУ) тарых жана чөлкөм таануу факультетиндеги музейде таанымал илимпоз жана педагог Бейше Үрстөнбековдун 80 жылдык мааракесине арналган илимий кереге кеңеш (тегерек үстөл баарлашуусу)  жана анын өмүр жолу чагылдырылган “Ак эмгекке байланган өмүр” аттуу жыйнактын бет ачары өткөрүлүүдө.




Тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти Бейше Үрстөнбеков (эмгектеринде: Бейше Урстанбеков; 1938—1991) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, археология сабагы боюнча дарстар окуган адис, өлкөдөгү кесиптик-техникалык билим берүү тармагынын тарыхынын иликтөөчүсү, энциклопедиялык ж.б. сөздүктөрдү түзүүчү катары эл эсинде калды.


Ал 1938-жылдын 16-майында азыркы Жалал-Абат облусуна караштуу Тогуз-Торо районунун Арал кыштагында туулган. 1966-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.


1967-69-жж. — Ош педагогикалык институтунда (азыркы ОшМУда) окутуучу, андан соң 1969-жылдан өмүрүнүн акырына чейин КУУда окутуучу, ага окутуучу жана доцент болуп иштеген. 




Б.Үрстөнбеков “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүгү” (1979), “Археология терминдеринин орусча-кыргызча сөздүк-справочниги” (1985), “Кыргыз ССРинде өнүккөн социализмдин тушунда кесиптик-техникалык билим берүүнүн өнүгүшү (1959-1970-жж.)” (1981), “Коло доору” (1986), жана СССРдин “Кайра куруулар” доорунда Т.Чоротегин менен калемдешип жазган “Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк” эмгегин (1990) ж.б. чыгармаларды жарыялаган.


Илимпоздун ысымы өзү туулуп-өскөн Арал айылындагы орто мектепке ыйгарылган.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса