Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Түркиядан 8 кыргыз жараны сойкулукка айыпталып, өлкөдөн чыгарылды

0
Түркиянын Айдын провинциясында 28 чет элдик жаран сойкулукка жана сойкулукту уюштурууга байланыштуу айыпталып кармалган. Алардын сегизи Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү кабарлады.


Кармалган 28 кишинин бешөө Грузиянын, алтоо Өзбекстандын, сегизи Казакстандын, бири Армениянын жараны болуп чыккан. Алардын баары Айдын провинциясынын миграция иштери боюнча облустук башкармалыгына өткөрүлүп берилген. 


Айыпталгандар 8-9-майда кармалганын Кыргыз Республикасынын Түркиядагы элчилиги да ырастады. Алардын документтери текшерилген соң, сегиз жарандын баары Кыргызстанга 10-майда депорттолгон. (KR)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса