Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Орусия Кыргызстанда өстүрүлгөн 61 тонна азык-түлүктү кайра кайтарды

0
Россельхознадзор мекемесинин Оренбург облусу боюнча башкармалыгы Кыргызстан менен Казакстандан бараткан 90 тоннадан ашык азык-түлүк, жашылча-жемиштерди Орусияга киргизүүгө уруксат берген жок.


Мекеме тараткан маалыматта “Маштаково” көзөмөл бекетинде кармалган өндүрүм фитосанитардык жактан жогорку деңгээлдеги коркунучка ээ экени айтылат.


Кыргызстандан бараткан 61 тонна азык-түлүктүн ичинде 19,3 тонна гилас, 0,55 тонна бадыраң, 21,42 тонна жемиш кагы, 20,5 тонна сабиз бар экени айтылат.


Мындан сырткары дагы 30 тоннадай Казакстандан бараткан помидор, гилас жана өрүк да чек арадан кармалган.


Жашылча-жемиштердин баары чек арадан өткөрүлбөй, кайра артка жөнөтүлдү.


Кыргызстан - Орусия, Армения, Казакстан жана Беларус сыяктуу Евразия Экономикалык Биримдигинин мүчөсү. Ортодогу бажы тосмолору алынган, бирок фитосанитардык көзөмөл күчөтүлгөн. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса