Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Түп районунда окуучулардын мушташынан эки бала жабыркады

0
Түп районунда 11-класстын окуучуларынын ортосунда мушташ чыгып, андан эки окуучу жабыркады. Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашкандай, алар аймактык ооруканада дарыланып, чыгып кетишкен.


Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов окуучулардын чыр-чатагы боюнча териштирүү жүрүп жатканын “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, окуя жума күнү, 18-майда Түп районунун Түп айылында болгон. Жалпы республикалык тестке келген Байзак айылы менен Кең-Суу айылынын 11-классынын окуучуларынын ортосунда мушташ чыккан.


- Бул боюнча милицияга кайрылуу түшүп, райондук ички иштер бөлүмүнө факты катталган. Соттук медициналык экспертиза түзүлүп, иликтөө жүрүп жатат. Бул иштер аяктаса, окуяга баа берилет, - деди Усубакунов.


Усубакуновдун айтымында, мушташкан балдар оор жараат алган эмес.


Мунун алдында айрым маалымат каражаттары Түптө тест тапшырганы келген окуучулар арасында массалык мушташ чыкканын, андан бир окуучунун тиши сынып, бири эс-учун жоготконун жазган. Алардын экөө ушул кезге чейин ооруканада жатканы айтылган. (AsM\ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса