Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

ИМ Чеченстандагы кол салууга жоопкерчилик алды

0
“Ислам мамлекети” террордук тобу Чеченстандын борбору Грозный шаарындагы чиркөөгө жасалган кол салууну уюштурганын моюнуна алды. Бул тууралуу көз карандысыз “SITE Intelligence Group” мониторинг борбору кабарлады.


Чабуул учурунда эки полиция кызматкери жана бир жай тургун каза болду. Кол салгандар полиция тарабынан жок кылынган.


Православдык чиркөөгө кол салуунун чыныгы себептери тууралуу расмий маалыматтар айтыла элек. Орусиянын Тергөө комитети факт боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө баштаган.


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров "кол салган эки адамдын тек-жайы аныкталганын, алар Грозныйдан алыс эмес жердеги кыштактардын тургуну экенин" Telegramдагы баракчасына жазды.


Окуя 19-май күнү болгон. Белгисиз төрт жаран Грозный шаарындагы Архангел Михаил чиркөөсүнө кол салып, адамдарды барымтага алууга аракет кылган. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса