Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

Кыргызстан-Өзбекстан аралык "Достук" велосапары башталды

0
18-май күнү Ош облусунун тургуну, эмгек жана спорт ардагери Мамыт Таштанов Бишкек-Ош-Aнжиян-Кокон-Бухара-Самарканl-Жызак-Манас-Ташкент каттамы боюнча сапарга чыкты. Ал бул шаарларды велосипед менен кыдырып чыкмакчы. 


Сапар Бишкектеги Ала-Тоо аянтынан башталып, Өзбекстандын борбору Ташкент шаарындагы нөлүнчү чакырым менен аяктайт. Бул тууралуу маалымдаган Маданият, маалымат жана туризм министрлиги "Достук" сапары эки өлкө ортосундагы мамилени бекемдейт деп белгилөөдө. Ошондой эле маалыматта айтылгандай, бул велосапар Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына да арналган. 


Эки өлкөнүн акыркы он жылдан берки сууп кеткен мамилеси Өзбекстандын башына президент Шавкат Мирзиёев келгенден кийин, жанданган. Өткөн жылы сентябрда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук" бекети ачылып, эки элдин кирип-чыгуусуна кеңири мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Кийинчерээк Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы бир катар чек ара бекеттери да ачылып, жөө адамдардын өтүүсү жеңилдетилген. 


Үстүбүздөгү жылдын март айынан тарта, Ташкент-Бишкек-Балыкчы каттамындагы поезд, май айынан тарта Ташкент-Бишкек каттамындагы автобус жүрө баштаган.(ZKo)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса