Добавить новость
ru24.net
World News
Май
2018

УКМК Кулматов камакка алынды деген маалыматты төгүндөдү (видео)

0
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов убактылуу камакка алынды деген маалыматты төгүндөдү. Бул тууралуу ал "Азаттыкка" билдирди.


- Кубанычбек Кулматов камакка алынды деген маалымат туура эмес. Кулматовго эч жакка чыкпоо боюнча баш коргоо чарасы каралган. Ошол эле калат. Баш коргоо чарасы каралгандан кийин башка чара көрүлбөсүн бардык эле юристтер билет. Кулматов "Альто Груп" ЖЧК жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүүлөргө барып, сынагы жок эле кытайлык компаниядан 1 миллион АКШ доллар өлчөмүндөгү каражатты түздөн түз ошол жеке компаниянын эсебине которууга жетишкен. Мындан сырткары "Калыс Ордодогу" мектепти аягына чыгаруу үчүн шаардык бюджеттен кошумча 100 миллион сом бөлүнүп берилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында жеке компаниянын жетекчилеринин бири Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди, - деди УКМКнын басма сөз өкүлү Рахат Сулайманов.


Мурдараак айрым маалымат каражаттары УКМКга сурак берүүгө барган Бишкектин мурдагы мэри Кубанычбек Кулматов камакка алынганын өздүк булактарына таянып жазып чыгышкан. (KR)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса