Иранда козу карынга ууланып 11 киши каза тапты
Ирандын медицина кызматкерлеринин айтымында, уулуу козу карын менен жей турган козу карын окшош болгондуктан эл көп адашат. Козу карын Ирандын батышындагы тоолордо жазгы жамгырдан кийин жайнап өсөт.
ВВСнин жазганы боюнча, расмий мекемелер элге дүкөндөн гана атайын даярдалган козу карынды сатып алууну сунуш кылып жатат.
