Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Бүгүн Айбек Калиевдин бөгөт чарасы каралат

0
Бишкек шаардык соту 21-июнда “Улуттук энергохолдингдин” мурдагы жетекчиси Айбек Калиевдин бөгөт чарасын карайт. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна кабарлады.


Буга чейин анын абактагы мөөнөтү 13-августка чейин узартылган. Калиевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарууну өтүнүп сотко кайрылышкан.


Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында "Улуттук энергохолдинг" компаниясынын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев шектүү катары 18-апрелде кармалган. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайында отурат.


Быйыл 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса