Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Баткенде өрүктү кайра иштетүүчү завод ачылды

0
Кыргыз-тажик биргелешкен “Алтын Аймак” ишканасы Баткен облусунун Кара-Бак айылында мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жаңы завод ачты. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.


Чакан заводдо өрүк, кайналы (кара өрүк), алма, жаңгак жана башка жемиштер кургатылып, даярдалат. Өнүмдөр Кыргызстандын түштүгүн бул азыктар менен камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Цехте 35 киши туруктуу иш менен камсыз болот.


Мөмө-жемиш жуучу, тандоочу жана бөлүштүрүүчү жабдыктарды, күн кубаты менен кургатуучу шаймандарды сатып алууга АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) каржылык колдоо көрсөткөн.


Эл аралык уюм “USAID Agro Horizon” төрт жылдык долбоорунун алкагында Кыргызстандын төрт облусунда (Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош) кыргыз өндүрүүчүлөрүнө жардамдашып келет. Мекеме жергиликтүү 45 ишкана менен кызматташып, 30 миллион долларга чейин каржылык жардам берген.


Буга чейин кургатылган жемиштер Тажикстанга жеткирилип, андан соң Орусия, Түркия жана башка өлкөлөргө экспорттолуп келген.(ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса