Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Футбол-2018: Саудия менен Египет тайпадан жогору чыга албай калышты

0
20-июнда Дүйнө чемпионатынын алкагында “А” тайпасындагы экинчи тур жыйынтыкталып, Сауд Арабия менен Египеттин курамалары үчүн чемпионатка андан ары катышуу укугу аяктады.


Бул күнү саудиялыктар Уругвайга 0:1 эсебинде утулуп, каршылашына үч упайды алдырып ийди. Натыйжада “А” тобунда Уругвай менен Орусия алты упай менен топ башына жайгашса, Египет менен Саудияда азырынча упай топтолгон жок. 25-июнда Египет - Сауд Арабиясынын оюну кандай эсеп менен жыйынтыкталбасын, бул курамалар талаа ээси Орусияны да, Латын Америкасынан келген Уругвай курамасын да упай топтоо боюнча кубалап жете албайт. 


Ошондой эле “В” тайпасында Португалия жана Испания өз атаандаштарын утуп, үчтөн упайларга ээ болушту. Португалия Криштиану Роналдунун жардамы менен Мароккону 1:0 эсебинде жеңсе, Испания Диего Костанын көмөгү аркылуу ушундай эле эсепте Иранды утту.


Экинчи турдун жыйынтыгы боюнча Испания, Португалия төрт упай, Иран өлкөсүнүн курамасында үч упай топтолсо, ал эми Мароккодо азырынча упай жок. Натыйжада Марокконун футболчулары да тайпадан жогору чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготту. 


Бүгүн тайпалык оюндардын экинчи тобу уланып, Дания – Австралия, Франция – Перу, Аргентина – Хорватия өлкөлөрүнүн курамалары күч сынашат. (SDz)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса