Британ парламенти Евробиримдиктен чыгуу жөнүндө мыйзамды жактырды
Бирок мыйзам Британия менен Евробиримдиктин тармактар боюнча кызматташтыгын, маселен, чек ара жана бажы боюнча алакаларын жөндөй албайт. Бул жөнүндө сүйлөшүүлар азырынча аяктай элек.
Британдар 2016-жылдын июнь айындагы референдумда Евробиримдиктен чыгууну колдошкон. Брюссел менен сүйлөшүүлөр былтыр 17-июлда башталган.
