Европол: 2017-жылы террордук чабуулдар 45% көбөйдү
Биримдиктеги тогуз өлкөнүн маалыматын кошкондо былтыр 205 теракт жасалган же ишке ашырылбай калган. Бул мурдагы жылдан 45% көп.
Чабуул койгондор: жихадчылар, улутчул жана сепаратисттик маанайдагылар, солчул жана анархисттик террор топтору, жеке адамдар. Европада терроризмге айыпталып 975 адам камакка алынган.
