Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

ЖАМК: 31-абакта Мелис Аспековго кол салынганы тууралуу маалымат териштирилип жатат

0
Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызмат Чүйдүн Молдовановка айылындагы 31-абактагы фактыны териштирип жатат.


Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарова “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, 28-июнда түнкү саат 22:30дарда абактагы Мелис Аспеков жаткан камерага соттолуучулардын бирөө кирип келип аны ур-токмокко алган. Аспеков жана анын жанында жаткан киши да жеңил жараат алышкан.


- Абактан алынган маалыматка караганда, бирөө кирип келип, эч кандай себеби жок кол салып, ур-токмокко алган. Камерадагылар оор жараат алган эмес. Түндөн бери эле иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат. Анын себеби азырынча айтыла элек. Кол салган адам кошумча жазасын алат.


Асепковго абакта кол салуу болгонун алгач 28-июндун кечинде Сөз эркиндигин коргоо комитетинин мүчөсү Адил Турдукулов Фейсбук баракчасына жазып чыккан.


“Мекенчил” саясий партиясынын лидерлеринин бири, активист Мелис Аспеков былтыр октябрда "массалык башаламандык уюштурууга аракеттенген жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн" деген шек менен, Жогорку Кеңеш депутаты Канатбек Исаевге козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында кармалган.


УКМКнын Тергөө башкармалыгы Аспековго Кылмыш-жаза кодексинин 27-233-беренелеринин 1-бөлүгү ("Массалык башаламандыкка даярдык көрүү"), 27-295-беренелери ("Бийликти күч менен басып алууга даярдануу") боюнча кылмыш ишин козголуп, бир жыл, жети айга соттолгон. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса