Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Шыкмаматов: Бахадыр Сулейманов Кыргызстандын жараны

0
Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү, депутат Бахадыр Сулеймановдун жарандыгы буга чейин текшерилген.


Бул тууралуу аталган фракциянын лидери Алмамбет Шыкмаматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Сулейманов өзүнүн жарандыгына байланыштуу Интернет булактарына чыккан документтер жасалма экенин айткан.


- Сулейманов 5-6-чакырылыштын депутаты. Ошондуктан анын жарандыгына байланыштуу маселени укук коргоо органдары, депутаттык комиссия текшерип чыгыптыр. Казакстандан алынды делген документ жасалма экени далилденгенин айтты.


Шыкмаматовдун айтымында, Сулейманов кош жарандыгы жок экенин, Казакстанда төрөлгөнүн, бирок Кыргызстандын жараны экенин билдирген.


Айрым маалымат каражаттары Жогорку Кеңештин депутаты Бахадыр Сулейманов Казакстандын жараны экенин айрым документтерге таянып жазып чыгышкан.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов бул боюнча кимдир бирөөдөн арыз түшкөн учурда гана эл өкүлүнүн жарандыгы текшериле турганын билдирди.


Ушул жылдын башында Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынын депутаты Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда аткезчилик боюнча камалгандан кийин анын казак жараны экени маалым болгон.(КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса