Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Бишкек мэриясы көр сатуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп жатат

0
Бишкек мэринин орун басары Эркин Исаковдун “Азаттык” радиосуна билдиришинче, көр сатуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүрүп жатат. Буга байланыштуу мэриянын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө тапшырма берилди.


- Буга чейин бүт бардык айтылган маалымат, фактыларды топтоп, ушул бөлүмгө жөнөткөнбүз. Учурда териштирип жатат. Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен чечим чыгарат. Экинчиден, архитектура жана жер ресурстарын башкаруу башкармалыгы көрүстөндү тактап, инвентаризация кылып чыгат.


Исаковдун белгилешинче, маркумду акыркы сапарга узатуу, сөөк коюудагы коррупциялык тобокелдиктерди жоюу боюнча коммуналдык турак жай чарбасына тапшырма берилди.


Жакында “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” берүүсү Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү коррупциялык схемаларды иликтеген. Иликтөөнүн жүрүшүндө кабырлар көзү тирүү адамдарга да алдын ала сатылып кеткени белгилүү болгон. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса