Он айда президент тогуз мыйзамга вето койду
Маалыматка караганда, 108 мыйзам долбооруна президент тарабынан кол коюлган. Жалпы тогуз документти артка кайтарды.
Депутаттар мамлекет башчы артка кайтарган үч документке макул болуп, экөө боюнча макулдашылган вариантты кабыл алып беришти. Калган төртөө талкууда. 2017-жылдын сентябрынан 2018-жылдын июнуна чейин парламент эки кезексиз жана беш жабык жыйын өткөрдү.
28-июнда алтынчы чакырылыштагы парламенттин IV сессиясы ишин жыйынтыктады. Депутаттар бул мезгил аралыгында эки президент менен иштеп, өлкөдө президенттик шайлоо болду.
Жогорку Кеӊештин регламентине ылайык, депутаттар 1-июлдан тарта шайлоочулар менен жолугушат. V сессия сентябрдын башында башталат. Азыркы парламент 2015-жылы күзүндө шайланган. (NT)
