Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Быйылкы окуу жылынын мөөнөтү өзгөртүлгөн жок

0
Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги окуу жылынын мөөнөтү тууралуу маалымат берди.  


Мекеменин билдирүүсүндө жаңы окуу планынын долбоорун өкмөт аппараты карап жатканы айтылат. Документте билим берүүнүн жаңы эрежелери камтылганы, аны киргизүү көп иш талап кылаары белгиленген. Буга байланыштуу жаңы окуу планына көнгүчө быйылкы окуу жылын адаттагыдай эле 1-сентябрда  баштоо чечими кабыл алынды.    


Билим берүү жана илим министрлиги буга чейин окуу жылын 10-сентябрда баштап, 31-майда аяктоону сунуш кылган. Министр Гүлмира  Кудайбердиева окуу жылынын башталышын которууну 2018-2020-жылдары сынап көрүп, андан соң акыркы чечим кабыл алуу каралып жатканын, мындай жол менен туристтик сезон да узартылып, окуу программасын өзгөртүү зарылчылыгы болбой турганын кошумчалаган.


Ага чейин парламент спикери Дастанбек Жумабеков окуу жылын 20-сентябрда баштоону сунуштап, муну туристтик сезонду узартуу зарылчылыгы менен түшүндүргөн. (NT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса