Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Үрмарал кенин иштетүү боюнча жергиликтүү элге маалымат берилип жатат

0
Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Корчубек Акназаров атындагы айыл өкмөттө алтын кенге байланыштуу 28-июнда элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети билдирди. Маалыматка караганда, жыйынга 300дөй киши келип, ага Экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.


Анда жашоочуларга Үрмарал кенин иштетүүгө лицензия алган "Полюс Голд Кей Жи" жоопкерчилиги чектелген коомунун иштөө шарты тууралуу маалымат берилди. Өкмөт өкүлдөрү  аталган компания геологиялык-чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, алтын казууга лицензия алганын, азыр техникалык долбоор иштелип жатканын билдиришти. 


27-июнда  Акназаров айыл өкмөтүнүн тургундары аймакта жайгашкан Үрмарал тоосунда кен казуу иштерин токтотуу талабы менен  айыл борборуна нааразылык акциясына чыгышкан. Алар кен иштетилсе, ичкен сууга цианид кошулуп кетет деп кооптонушкан. 


Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети чачыранды алтынды иштетүүдө цианид же химиялык элементтер кошулбай турганын айтып жатат.


Мекеме жакынкы айылдарда дагы кен иштеүү боюнча калкка маалымат берилерин кошумчалады. Түшүндүрүү иштери бүткөнгө чейин "Полюс Голд Кей Жи" компаниясынын иши кечээтен тартып убактылуу токтотулду. 


2017-жылдын 4-майында Үрмаралдагы 315 гектар жерде чалгындоо жүргүзүүгө аукцион өткөрүп, "Полюс голд кейжи" компаниясы дээрлик 11 гектар жерди казып чалгындоо укугун алган. Компания июндун башында  баштаган. (NT)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса