Вашингтондо полиция 600дөй адамды камакка алды
Буга чейин өкмөттүн мигранттар боюнча саясатына байланыштуу демонстрациялар өлкөнүн ар кайсы жерлеринде өткөн. Натыйжада Мексикадан АКШга мыйзамсыз кирүүгө аракеттенген мигранттардын балдарын ата-энелеринен бөлгөн талаштуу саясат токтотулган. АКШнын ар кайсы шаарларында демонстрациялар бүгүн да өткөнү турат.
Сенаттын имаратынын ичиндеги нааразылык акциясын “Аялдар жүрүшү”, “Элдик демократия үчүн борбор” деген солчул топтор уюштурган.
Вашингтондун полициясынын билдиргенине караганда, 575 адамга "Сенат имаратынын ичинде мыйзамсыз демонстрацияга барган" деген айып коюлду. Камалгандар иштери каралып, айыпка жыгылгандан кийин бошотулду. (UE)
