Добавить новость
ru24.net
World News
Июнь
2018

Секелекти зордуктаган адам өмүр бою абакка кесилди

0
Ысык-Көл облусунда секелекти зордуктоого "шектүү" деп кармалган адам өмүр бою эркинен ажыратылды.  


Облустук соттун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева "Азаттыкка" билдиргендей, Ысык-Көл райондук соту он эки жаштагы секелектин зордукталганына байланышкан иш боюнча 28-июнда чечим чыгарды. Ага ылайык, Ысык-Көл районунун 53 жаштагы тургуну күнөөлүү деп табылды.


Окуя быйыл 25-мартта болгон. Тергөөнүн маалыматында ошол күнү түнкү саат 22:00 чамасы кылмышкер Чолпон-Ата шаарында бейтааныш секелекти алдап автоунаасына салып, иштеген жерине алып барып, иш бөлмөсүндө зордуктаганы айтылат. 


Анын үстүнөн секелектин энеси милицияга арызданып, Кылмыш кодексинин 129-беренесинин 4-бөлүгү ("Зордуктоо") боюнча иш козголгон.  (AsM)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса