Прокуратура: Автоунаа номурлары кымбат даярдалганы аныкталды
Башкы прокуратура билдиргендей, 2016-жылдын 31-майында "Инфоком" ишканасы аталган агенттик менен макулдашып, бир транспорттун номурун даярдоо акысын 32,06 сомго мыйзамсыз көтөргөн. Жогорулатылган тарифтин жыйынтыгында Автоунаалардын номурун даярдоо борборунун жетекчисине бир айда 240 608 сом жана техникалык кызматкерлерге 163 712 сом төлөнгөн.
Ал эми 2016-жылдын 10-ноябрында башка тариф бекитилип, бир номур белгини даярдоо акысы 9,5 сомго жогорулатылган.
Башкы прокуратура тараткан маалыматта муну менен бааларды жөнгө салуу тууралуу мыйзамды бузуу менен 2016-жылдын майынан 2017-жылдын 31-декабрына чейин автоунаа ээлеринен 6 миллион сомдон ашык акча алынганы белгиленген.
Кылмыш иши тергөө органдарына жиберилгени кабарланды. (NT)
