Добавить новость
ru24.net
World News
Июль
2018

Көчмөндөр оюндары: коопсуздукту камсыздоо боюнча штаб түзүлдү

0
Вице-премьер-министр Жениш Разаков Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда коопсуздукту камсыздоо боюнча штабды жетектейт. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.


Ички иштер министрлигинин, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилери штабдын жетекчисинин орун басарлары болушту.


Бул штабдын милдети жарандардын жана коноктордун коопсуздугун камсыз кылуу, күч органдарынын ишин координациялоо болуп саналат.  


2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Анда негизинен ат оюндары, жаа атуу, куш салуу боюнча мелдештер болуп, дүйнөнүн ар кайсы өлкөсүнөн келген спортчулар катышат.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса