Добавить новость
ru24.net
World News
Июль
2018

Кымбат Акмолдоева апа 84кө карап дүйнө салды

0
Кыргыздын чыгаан тарыхчысы Өмүркул Караевдин жесири Кымбат Акмолдоева апа 20-июлда саат 18:30да оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Ал быйыл 7-январда 83 жашка чыккан болчу.


Кымбат Акмолдоева Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Социалчы айылында (азыркы Доктурбек Курманалиев атындагы айылда) туулуп-өскөн.


Ал Бишкектин түштүк-чыгыш четиндеги Көк-Жар кыштагында агартуу тармагында (анын ичинде Көк-Жардагы орто мектептин директору, окуу бөлүмүнүн башчысы жана кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалим болуп) 40 жылдай иштеп келип, 1990-жылдары ардагерликке чыккан. Ал тарыхчы Ө.Караевге өтө оор учурларда да жаншерик болуп, ырааттуу колдоп келген.


Маркумду акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсү 22-июлда саат 09:30—10:00дон тартып Көк-Жар айылында Эркинбек Матыев атындагы көчөдөгү №4 үйдө өткөрүлмөкчү.


Маркумдун сөөгү Көк-Жар кыштагынын чыгышындагы Ала-Тоо айылына карай бараткан жол четиндеги көрүстөндө ыраматылык Өмүркул Караевдин мүрзөсүнүн жанына коюлмакчы.


Бул тууралуу “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмесинен маалымдашты.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса