Добавить новость
ru24.net
World News
Август
2018

Ооганстандын чыгышында жүздөн ашуун киши талибдердин колунан каза болду

0
Ооганстандын Газни провинциясында “Талибан” радикал кыймылынын согушкерлери менен кагылышуудан улам 90 ооган аскери жана 13 жай тургун каза болду. Жүздөн ашуун киши жараат алды. Бул тууралуу ооган жана эл аралык маалымат каражаттары жазды. Талибдер арасындагы жоготуулар боюнча азырынча маалымат айтыла элек.


Газни баш калаа Кабулду Ооганстандын түштүгү менен байланыштырып турган стратегиялык шаар. Reuters агенттиги шаарга кол салуу өкмөттүк аскерлер үчүн олуттуу сокку экенин жазды. Ошону менен катар АКШнын Ооганстандагы күчтөрүнүн өкүлү Мартин О’Доннелл ооган улуттук коргонуу жана коопсуздук күчтөрү өз турумдарын бекем сактап турганын билдирди.


Мурдараак Ооганстандын батышында 50 талиб өкмөттүк армияга багынып берген. “Талибандын” бул бөлүгүндө 300 согушкер болгон.


11-августта талибдердин делегациясы Ташкентте дипломаттар менен жолугуп, Ооганстандагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча сүйлөшкөнү маалым болгон.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса