Добавить новость
ru24.net
World News
Август
2018

Тажикстанда тик учак аскага урунду

0
Тажикстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чет өлкөлүк альпинисттерди салып бараткан МИ-8 тик учагы Ляхш (Жергетал) районунун аймагында аскага урунганын билдирди.


Борттогу 13 альпинист жана экипаждын үч мүчөсү аман экени кабарланды. Бирок алардын абалы кандай экени так белгисиз.


Окуя жекшембиде, жергиликтүү убакыт боюнча 16:30да, тик учак Исмоили Сомони чокусуна чыгып келген альпинисттерди Фортамбек мөңгүсүнө алып бараткан маалда болгон.


Исмоили Сомони - Тажикстандагы эң бийик чокулардын бири. Бийиктиги – 7495 метр.


Айрым маалымат каражаттары альпинисттердин арасында Орусиянын, Беларустун жана Испаниянын жарандары бар экенин жазып чыгышты. Бирок бул маалыматты расмий мамлекеттик органдар тастыкташа элек.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса