Добавить новость
ru24.net
World News
Август
2018

Караколдун мэрин иштен кетирүү демилгесин өкмөт башчы колдобогонун айтты

0
Каракол шаарынын мэрине ишенбестик көрсөтүү тууралуу шаардык кеңештин сунушун премьер-министр колдогон жок. Бул тууралуу "Азаттыкка" Данияр Арпачиев өзү билдирди. 


Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бул чечим тууралуу маалымат келип түшө элек экенин билдирди. 


Буга чейин 31-июлда Каракол шаардык кеңешинин депутаттары көпчүлүк добуш менен ишенбестик көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алышкан эле. Депутаттар мындай кадамды мэрдин шаарды өнүктүрүү боюнча иштери канааттандыраарлык болбогону менен түшүндүрүшкөн.


Сессияда кабыл алынган чечим өкмөт башчыга жиберилген. Мэр Арпачиев депутаттардын мындай чечимин "саясий себеп” менен түшүндүргөн.


Караколдун мэри Данияр Арпачиев кызматка 2016-жылдын февралында кеңештеги көпчүлүктүн колдоосу менен шайланып келген.


Каракол шаардык кеңешинде беш фракциядан 31 депутат бар. (AsM)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса