Жээнбеков: Курман айт бизди абийир менен таза жашоого үндөйт
“Бул күнү кудайга тобо келтирип, тирүүлүктү барктап, маркумдарды эскеребиз, жан дүйнөбүздү аруулап, көөнөрбөс баалуулуктарды сиӊиребиз. Ыйманыбыз келечектүү жаштарды тарбиялап, адилеттүү коомду курууга өбөлгө түзөт. Биз бүгүн жараткандан жакшылык суранабыз. Ушул улуу күнү баарыӊыздардын аруу тилегиӊиздер, асыл максаттарыӊыздар орундалсын”, - деп айтылат Жээнбековдун куттуктоосунда.
Президент улуттардын биримдигин каалап, “Өлкөбүздөгү улуттар аралык ынтымак, өз ара урматтоо бекемделип, бардык кыргызстандыктарды жакшылык жылоолоп, ийгилик коштоп жүрсүн. Ар дайым элибизде биримдик, жерибизде тынчтык, мамлекетибизде гүлдөп өнүгүү болсун! Кыргызстаныбызды кудай өзү колдосун!”, - деп белгилеген.
Бүгүн 21-августта Кыргызстанда мусулмандардын Курман айт майрамы белгиленип жатат. Буга байланыштуу бул күн эс алуу күнү деп жарыяланган. Кыргызстанда калктын 80 пайыздан көбүн мусулмандар түзөт. (ErN)
