Добавить новость
ru24.net
World News
Август
2018

Бишкекте чет элдиктерди алдап жүргөн пакистандык жаран кармалды

0
Бишкек шаарында жашап жаткан Мухаммад К. аттуу 37 жаштагы Пакистандын жараны алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.


Билдирүүдө айтылгандай, колго түшкөн адам Индиянын жаранын Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын бирине "окууга өткөрөм" деп 5500 АКШ долларын алган. Кийин окууга өткөргөн эмес жана акчасын кайтарбай койгон.


Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (“Алдамчылык”) менен кылмыш иши козголду. Ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрү иликтеп жатат.


Кармалган киши мындан башка да кылмыштарга барган деп шектелүүдө. Милиция ага алданып калгандар болсо 0702 03 03 07, 0312 26 63 98 номерлерине байланышып коюусун өтүнөт.


Буга чейин Кыргызстанда өз жердештерин окууга өткөрүп берем деп алдаган пакистандык жана индиялык бир нече адам кармалган. Кийин индиялык 50 студенттен 145 миң доллардай келишим акы алып, окуудан айдап жиберди деп айыпталган Бишкектеги Илим жана бизнес боюнча эл аралык университетинин жетекчиси Нургалы Асаналиев камакка алынган. Ал өзү бул айыптоону четке каккан, сот аны үй камагына чыгарган. (ErN)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса