Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2018

Жогорку Соттун төрайымы кызматтан кетти

0
Жогорку Соттун төрайымы Айнаш Токбаева мыйзамга ылайык, үч жылдык мөөнөтү аяктаганына байланыштуу кызматынан кетти. Ал 2015-жылдын 22-сентябрында шайланган.


Жогорку Соттун маалымат катчысы Сюита Соурбаева жаңы жетекчи ишембиде шайланарын билдирди. Ордуна ким келери али белгисиз.


- Талапкерлер тууралуу маалыматыбыз жок. Талапкерлер ошол күнү көрсөтүлүп, судьялар курамы тарабынан шайланат. Азыр 33 судья бар. Баары катышат. Эртең үч коллегиянын жетекчилери да шайланат. Анткени азыркы төрайымдын үч орун басары да кетишет.


20-сентябрда Жогорку Сот атайын маалымат жыйын өткөрүп, сурамжылоо эл арасында сотторго ишеним жалпы 73% экенин көрсөткөнүн жарыялады.







Бул төрайымдын ыйгарым укугу аяктаар алдында белгилүү болгондуктан Айнаш Токбаеванын акыркы үч жылдагы ишинин отчету катары да кабыл алынууда.


Ошол эле маалда өлкө президенти баш болуп сотко ишеним калбаганын моюнга алышын, эл арасындагы арыз-даттануулардын көптүгүн эске салган укук коргоочулар соттордун аброю мынчалык жогору эместигин белгилеп жатышат.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса