Добавить новость
ru24.net
World News
Сентябрь
2018

Индия Пакистан менен сүйлөшүүдөн баш тартты

0
Индия менен Пакистандын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу болбой калды. Буга талаштуу Кашмир аймагында индиялык үч полициячынын өлгөнү себеп катары көрсөтүлөт.


"Биздин коопсуздук кызматкерлерибиздин Пакистандагы топ тарабынан мыкаачылык менен өлтүрүлүшү жана 20 почта маркасын басып чыгарып, терроризмди урматташы Пакистан ошол жолоюнан кайтпасын ырастайт", – деди Индиянын тышкы иштер министринин расмий өкүлү Равеш Кумар.


Аз күн мурда Пакистан 2016-жылы индиялыктардын колунан ажал тапкан «Хизбул Мужахидин» тобунун командири Бурхан Ванинин урматына 20 почта маркасын чыгарган. Кумар ушуну айтып жатат.


Министрлердин жолушуусун Нью-Йоркто өткөрүү сунушу менен Пакистандын жаңы премьер-министри Имран Хан индиялык кесиптеши Нарендра Модиге кайрылган. Бул кадамын ал "көп жылдык туңгуюктан чыгуу аргасы" деп баалаган. 


Индия менен Пакистан Кашмирди талашып 1947-жылдан бери жаңжалдашып келет.



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса