Быйыл 380 миңден ашуун чет элдик жаран каттоого алынды
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Таабалды Тиллаев өлкөдө мыйзамсыз иштеп жаткандардын саны 100 миңден ашканын, Кыргызстандын мыйзамдарында сырттан келген мигранттардын жана туристтердин жоопкерчилигин караган нормалар жетишсиз экенин айтып чыккан.
Мамлекеттик каттоо кызматы катоого алынган жарандар Кыргызстанда туруктуу калбаганын, быйыл алардын саны Үчүнчү Көчмөндөр оюндарына байланыштуу да көбөйгөнүн “Азаттыкка” билдирди.
Ал эми Миграция кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда иштөө үчүн 91 өлкөнүн жарандары уруксат кагазын алышкан. 2018-жылы кыргыз өкмөтү 16 490 чет элдик адиске квота бөлсө, бүгүнкү күнгө чейин анын 74% берилди.
Тогуз айда чет элдик жарандарга Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат документтерин бергени үчүн республикалык бюджетке 43 млн. сом түшкөн. (КЕ)