Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2018

Жаңы конушка маркум депутат Улан Чолпонбаевдин ысымы берилди

0
Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарындагы жаңы конуштардын бирине Жогорку Кеңештин депутаты, маркум Улан Чолпонбаевдин ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна шаардык кеңештин депутаты Азамат Айтбаев билдирди. Анын айтымында, Карасаев жана Элебаев көчөлөрүндө жайгашкан жаңы конушка Улан Чолпонбаевдин ысымын берүү демилгесин жергиликтүү тургундар көтөрүшкөн. Депутаттар быйыл жайында демилгени бир добуштан колдоп беришкен. 10-ноябрда маркумдун аты жазылган белгилер орнотулуп, Чолпонбаевдин бир туугандары жашоочуларга белекке боз үй беришти.


Былтыр 11-ноябрда Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Улан Чолпонбаев 40 жашында бөйрөк оорусунан каза болгон. Фрунзе шаарында төрөлгөн Улан Чолпонбаевдин бала чагы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында өткөн. 1997-жылы Кыргызстандын Эл аралык университетинин Эл аралык укук факультетин аяктаган. Маркумдун артында эки кызы калды. (КЕ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

Теннисист Даниил Медведев проиграл 121-й ракетке мира во втором круге Australian Open






Эндокринолог Невольникова: частые кандидозы могут быть признаком диабета

«Спиной чувствовал, что кто‑то едет сзади»: Терентьев выиграл третий спринт в Кубке России, Фалеева — пятый подряд

Türkiye Today: новые власти Сирии запретили ввоз товаров из РФ, Израиля и Ирана

Эколог оценил перспективы курортного сезона на Черном море