“ЛНР” менен “ДНРде” шайлоо өтүп жатат
Добуш берүүнүн жүрүшүнө Абхазия, Бельгия, Бразилия, Венгрия, Германия, Греция, Йемен, Канада жана башка өлкөлөрдөн 40тан ашуун байкоочу көз салууда.
Европа Биримдиги өздөрүн “Донецк жана Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда 11-ноябрга белгиленген шайлоолорду мыйзамсыз деп эсептеп, анын жыйынтыгын тааныбай турганын билдирген. Ишемби күнү биримдиктин тышкы иштер боюнча комиссары Федерика Могерини тараткан билдирүүдө Минск келишимине ылайык, Орусиянын жикчилдери көзөмөлдөгөн аймактагы кандай гана шайлоо болбосун Украинанын мыйзамдарына жана Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун стандарттарына ылайык өтүшү керектиги белгиленген.
АКШнын Киевдеги элчилиги бул шайлоону “фарс” деп атады жана Донбасстын жашоочуларын шайлоого катышпоого чакырды.
11-ноябрга белгиленген шайлоодо өздөрүн “Донецк жана Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактын башчылары жана парламент депутаттары шайланат. Негизги талапкерлер – жикчилдердин азыркы лидери Денис Пушилин жана Виктор Пасечник.