Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2018

Депутат Бишкек мэрин сындады

0
Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мурзалиев 20-ноябрда өткөн жыйында түштүк магистралда салынган вело жол боюнча мэр Азиз Суракматовду сындады.


- Эмнеге бала бакчалардагы чатырларды жана жылуулук системасын оңдоого балдардын ата-энесинен акча чогултушубуз керек? Менин оюмча биринчи орунда социалдык мекемелерди каржылоо зарыл. Кышында кереги жок нерселерди жасап жатабыз. Мэр кайсы каражаттын негизинде вело жол салынганын айтсын. Мен бул мэрди пиар кылуу үчүн эле жасалды деп ойлойм.




Депутаттын мындай сынына калаа башчы Азиз Суракматовдун ордуна вице-мэр Алмаз Бакетаев веложол гана эмес тротуар камтылган чоң долбоор экенин белгилеп, буга 70 млн. сом кеткен деп жооп берди.


Бишкекте Түштүк магистралдагы Садырбаев көчөсүнөн башталган тротуар жана веложол Рысмендеев көчөсүнө чейин барат. Жалпы узундугу үч жарым чакырымды, туурасы бир жарым метрди түзгөн жолдун курулушу ноябрь айында бүткөн. (ТСГ)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса