Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2018

Өкмөт шаар шамалдап турушу үчүн бийик имараттарга тыюу салууну изилдейт

0
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш калаадагы абанын булганышы боюнча комплекстүү мамиле керектигин билдирип, көйгөйдү чечүү үчүн тийиштүү органдарга тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте түзүлгөн экологиялык кырдаалга тынчсыздануу менен маселени жеке көзөмөлүнө алып, тийиштүү органдардан натыйжалуу сунуштарды талап кылды.


Өкмөт Бишкек аймагы табигый жол менен шамалдап турушу үчүн айрым жерлерде бийик имараттарды курууга тыюу салуу сунуштарын изилдейт. 




Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Баш калааны каптаган кара түтүн маселеси былтыр парламентте да көтөрүлгөн. Бирок аны чечүүнүн эч кандай жолу каралган эмес.


Калкынын саны 1,5 миллионго чукулдап калган Бишкектин жашоочуларынын көбү азыр көмүр жагып отурат. Мындан тышкары менчик мончолор да бар. Адистер автоунаадан бөлүнүп чыккан ыш да шаарды булгап жатканын белгилешет. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса