Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2018

Кыргызстанда жарандардын жашоо узактыгы 71 жыл

0
Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын маалыматында Кыргызстанда акыркы он жылда адамдын жашоосунун узактыгы үч жылга көбөйүп, орточо 71 жашты түздү деп билдирди.


Өмүрбековнын айтымында, өлкөдө акыркы он жылда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү 40% жакын кыскарган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 




20-ноябрь дүйнөлүк балдар күнүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Биринчи Демден" аттуу улуттук кампаниясынын башталганы боюнча иш-чарага катышкан. Анда Өмүрбекова кыргыз өкмөтү 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча программасы иштеп жатканын, ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө, балдардын укугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.


Балдар күнү дүйнө жүзүндө 20-ноябрда белгиленет. 1989-жылы ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы тарабынан балдардын укуктары жөнүндөгү конвенция кабыл алынган. (TSh)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса