“Ата Мекен” фракциясы Маевский боюнча маалымат жыйын өткөрөт
“Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен анын партиялашы Дүйшөнкул Чотоновдун соттук ишиндеги негизги күбө, орусиялык ишкер, Мамдуманын экс-депутаты Леонид Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деп айыпталууда.
16-ноябрда Москвадагы Тверь райондук соту аны 2019-жылдын 14-январына чейин камакка алууну чечкенин “Интерфакс” жана башка маалымат агенттиктери кабарлаган. Мындан соң "Ата Мекен" партиясынын мүчөлөрү Текебаевдин маселесин кайра кароону сунуш кылып жатышат.
