Кыргызстанда жарандардын орточо жашоо узактыгы 71 жыл
20-ноябрь дүйнөлүк балдар күнүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Биринчи Демден" аттуу улуттук өнөктүктүн ачылышына катышкан. Анда Өмүрбекова кыргыз өкмөтү 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча программасы иштеп жатканын, ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө, балдардын укугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.
Балдар күнү дүйнө жүзүндө 20-ноябрда белгиленет. 1989-жылы ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенцияны кабыл алган. (TSh)
