Добавить новость
ru24.net
World News
Ноябрь
2018

22-ноябрдын аба ырайы тууралуу маалымат

0
Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондоруна да кар түшөт. 


Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден,  Нарын облусунда жана Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.


Абанын температурасы:


Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;


Суусамырда түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8;


Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;


Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;


Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;


Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;


Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;


Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градуска чейин төмөндөйт.


Бишкекте 22-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8  градуска чейин жылыйт. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса