Меркел БУУнун талаштуу миграция келишимин колдоду
Меркел ушул тапта дүйнөдө 70 миллиондон ашуун качкын бардыгын, алардын жарымы балдар экенин эске салды. Бозгундар - дүйнөнүн ар кайсы тарабындагы 200дөн ашуун чыр-чатактан башын ала качып чыккандар.
Улуттар Уюму сунуш кылган долбоорго Австралия макул болгон эмес. Бул өлкөнүн бийлиги эл аралык макулдашуу мигранттардын маселесин чечүүдө майнаптуу эмес деп, аны качкындарды кабыл алуунун австралиялык программасы менен салыштырды.
Австралиядан башка АКШ, Австрия, Болгария, Венгрия, Израил, Польша жана Чехия эл аралык макулдашууга кол коюдан баш тарткан. Улуттар Уюмуна кирген 193 өлкөнүн калганы документти жактарган.
Миграция жана качкындар боюнча дүйнөлүк пакт быйыл февралда макулдашылган. 2015-жылы Европа миграциялык ири кризиске туш болгон. Бир жарым миллиондой мигрант Жакынкы Чыгыштан жана Африкадан Европага кирген.
