Майкл Флиннге карата сот чечимин чыгаруу кийинкиге калды
Буга чейин Американын атайын прокурору Роберт Мюллер Майкл Флиннди эркинен ажыратпоону сотко сунуштаганы кабарланган. Айыптоо тарап Флинн тергөөгө Орусиянын 2016-жылда АКШда өткөн президенттик шайлоого киришкени тууралуу маанилүү маалымат бергенин билдирди.
Атайын прокурор көрсөткөн документтерде Флинн он тогуз жолу суракка алынганы жазылган.
Майкл Флинн президент Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси кызматында 24 күн эле иштеген. Ал вице-президент Майк Пенске Орусиянын ошол кездеги элчиси Сергей Кисляков менен байланыш боюнча жалган маалымат бергени билинген соң отставкага кеткен.