Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

Жээнбеков: АКШ-Кыргызстан макулдашуусун даярдоого убакыт керек

0
Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан менен Америка Кошмо Штаттарынын ортосундагы кызматташтык тууралуу макулдашуу боюнча иш жүрүп жатканын билдирди. Президенттин айтымында, бул маселе АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Луга ишеним грамотасын тапшыруу учурунда талкууланган.


- Тапшырма берилди. Иш жүрүп жатат. Убакыт керек. Улуттук кызыкчылык эске алынышы керек, - деди президент. 


Кыргызстан АКШ менен кызматташтык тууралуу 1993-жылы кабыл алынган эки тараптуу макулдашууну 2015-жылы бир тараптуу токтоткон. Буга өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровго АКШнын Мамлекеттик департаменти барктуу сыйлыкты ыйгарышы себеп болгон. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу “Азаттыктагы” маегинде макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөр тынымсыз жүрүп жатканын, жакында ал оң жагына чечилерин билдирген. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus
















Музыкальные новости




























Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса