Өзбекстанда мамлекеттик кызматкерлер дене тарбия менен машыгууга милдеттендирилди
Аталган жарлык "Жугуштуу эмес оорулардын профилактикасын, сергек жашоону колдоо жана элдин кыймыл-аракетин арттыруу" деп аталат.
Жарлыкка ылайык, мамлекеттик мекемелерде күн сайын гимнастика сааттары, жумасына бир жолу "саламаттык күнү" уюштурулат. Кызматкерлер чуркоо, сууда сүзүү, футбол, волейбол, баскетбол, теннис сыяктуу спорттук оюндарын ойноп, машыгып турууга тийиш.