Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

"Коопсуз шаар" үчүн 37 аппараттык комплекс келип түштү

0
“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 37 аппараттык комплекс келип түштү, анын ону Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү жолчырактарга орнотулат. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 19-декабрда Жогорку Кеӊеште билдирди:


- 2012-жылдан бери болбой жаткан жумушту биз алты ай ичинде ишке ашырдык десек болот. 37 аппараттык комплекс келип түштү. Биринчи этапты сынактан утуп чыккан компания менен бирге май айына чейин толук ишке киргизели деп турабыз. Жаңы жылдан кийин орното баштайбыз.


Өкмөттүн маалыматына караганда, долбоордун сынактагы баасы 2,5 млрд. сом менен башталган, уткан компания менен ал 2 млрд. 320 миллион сомго макулдашылды, 230 миллион сом үнөм болду. 


«Коопсуз шаар» долбоорун орусиялык “Вега" радиокуруу концерни ишке ашырганы турат. Тиешелүү келишимге 12-ноябрда Бишкекте кол коюлган.


Долбоор бир нече жылдан бери ишке ашпай турат. Быйыл 4-сентябрда бешинчи жолу өткөн тендерде орусиялык “Вега” концерни утуп чыккан. Бирок тендердин жыйынтыгы соттук териштирүү менен коштолуп, жыйынтыгында «Веганын» жеңиши негиздүү деп табылган. (RK)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Даниил Медведев

На турнире в Марселе под флагом России оказались имена Медведева и Хачанова






Что случилось с «Русским домом» в Баку

Площадь пожара в кафе в парке «Сокольники» увеличилась в два раза

На площадке курорта Завидово будут готовить будущие кадры сферы туризма

Росатом отправил комплекты насосных агрегатов для китайских АЭС Тяньвань и Сюйдапу