Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

Жээнбеков: КСДПнын азыркы абалын көрүп жүрөгүм ооруйт

0
Президент Сооронбай Жээнбеков "Атамбаевсиз КСДП" аттуу жыйындардын өтүшүнө, аны уюштурууга тиешеси жок экенин билдирди. 19-декабрда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынында бул тууралуу айтып жатып, ал Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын азыркы абалына зээни кейип турганын белгиледи.


- Мен бул партиянын катардагы мүчөсү эмес, оор мезгилде ошол партиянын башында турган жетекчилердин биримин. Бир кездеги абдан күчтүү, чоң, ийгиликтүү партиянын азыркы абалын көрүп, жүрөгүм ооруп жатат. Ал мен үчүн жөн эле партия эмес. Жаштыгыбыз, өмүрүбүз ошол партияда өттү. Партиянын азыркы абалга кептелишинин себебин Жээнбековдон эмес, башка жактан издеш керек. Мен президент болгондон кийин партиядагы мүчөлүгүмдү убактылуу токтоттум. Себеби, мен баарына бирдей мамиле кылышым керек. Бардык партияга бирдей шарт түзүшүм керек. 


Быйыл "Атамбаевсиз КСДП" кыймылы жер-жерлерде бир канча ирет жыйын өткөрүп, партиянын азыркы төрагасы, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгарууну талап кылып жүрөт. Кыймылдагылар партиянын мүчөлөрү экенин айтышат, бирок КСДПнын тарапкерлери муну саткындык катары баалап жатышат. 



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Елена Рыбакина

Рыбакина начала работать с бывшим тренером Динары Сафиной






Московский зоопарк показал кадры, как развивается малайская медведица Маша

СЕНСАЦИЯ ПРО "Z" И "Аз" В НЛП СВО. СПАСЕНИЕ ОТ ДЕНУКЛЕАРИЗАЦИИ! ДОРАБОТКА РАКЕТЫ "ОРЕШНИК". В.В. Путин, Дональд Трамп. Новости. Россия, США, Европа могут улучшить отношения и здоровье общества?!

Сенатор Денисов: новое торговое противостояние США и Китая невыгодно для России

Оторвало ногу. Семью из трех человек в Новой Москве задавил лыжник-медалист