Жээнбеков: 2018-жыл саясаты көп жыл болду
“Бул жыл саясаты көп жыл болду. Мамлекеттин өнүгүшү үчүн, өзүмдүн программамды ишке ашыруу боюнча чоң иштерди баштадык. "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык" деген принцип менен иштедик, көп сүйлөшүү болду, көп маселелерди чечтик. Мамлекет башчылар менен бардык деңгээлде ишенимдүү иштер болуп жатат" деди мамлекет башчысы 19-декабрда өткөн басма сөз жыйынында.
Ошону менен катар мамлекет башчысы Кыргызстан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алганын белгилеп, "Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитин, Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгын эл аралык деңгээлде өткөрүп алдык" деп кошумчалады.
Жээнбеков экономика өсүп жатканын, салык, бажы төлөмдөрү көбөйгөнүн айтты.
Бүгүнкү басма сөз жыйынына 84 маалымат каражатынан 170 журналист катышууда. (EBM)