Добавить новость
ru24.net
World News
Декабрь
2018

Казак министри ЕАЭБдин бирдиктүү валютасына каршы чыкты

0
“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейманов Евразия Экономикалык Биримдигинде (ЕАЭБ) бирдиктүү электрондук валютаны киргизүүнү колдобой турганын журналисттерге бүгүн парламентте билдирди.


“Бул менен жеке да, саясатчы катары да көз карашым. Гимн, желек, герб сыяктуу эле улуттук валюта биздин эгемендиктин символу. Биз аны ар тараптан коргоп, сактап, өнүктүрүшүбүз керек. Кандайдыр бир башка квази, прокси валюталарга жол бербешибиз керек”, - деди казак министри.


Тимур Сулеймановдун айтымында, ЕАЭБде электрондук төлөмдөр үчүн бирдиктүү валютаны түзүү демилгеси Орусиянын расмий сунушу эмес. 


ЕАЭБде бирдиктүү электрондук валютаны киргизүү боюнча жакында Орусиянын “Улуттук төлөм союзу” деген ассоциация демилге көтөргөн. Ал эми өткөн аптада орус медиасы Орусиянын Финансы министрлиги бул сунушту колдогонун кабарлаган.


ЕАЭБдин курамында Орусия, Беларус, Армения, Казакстан жана Кыргызстан бар. (UE)



Moscow.media
Частные объявления сегодня





Rss.plus




Спорт в России и мире

Новости спорта


Новости тенниса
Australian Open

Скончался 19-кратный победитель турниров «Большого шлема» Фред Столл






Британский дипломат в Москве лишен аккредитации за предполагаемую разведдеятельность

В Москве применяют префаб-технологии для ускорения реновации

Сергунина: 6-я Московская неделя интерьера и дизайна будет идти с 22 по 25 мая

Ольга Орлова охарактеризовала свой отдых в Куршевеле как «полный провал»